7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кой-Таштагы Атамбаевдин үйүнүн ордуна карылар үйү жана бала бакча курулат

13

Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн ордуна карылар үйү жана 500 орундуу балдар бакчасы курулат. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин директору Тимур Малбашев билдирген.

Анын айтымында, убагында мамлекетке таандык болуп, кийин жеке колдорго өтүп кеткен мүлктөр менен жер тилкелери кайра мамлекетке кайтарылып, элдин кызыкчылыгына иштетилип жатат.

«Мисалы, Бишкектин Жибек-Жолу проспектисиндеги мурдагы президент Курманбек Бакиевге таандык үй мамлекетке өткөрүлүп, анын ордуна ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реабилитациялык борбору курулду. Бүгүнкү күндө бул борбордо миңдеген балдар дарыланып, реабилитациядан өтүп жатышат.

Ошондой эле Бишкектин Скрябин көчөсүндө жайгашкан Бакиевдердин дагы бир жер тилкеси мамлекетке кайтарылып, ал жерге ипотекалык көп кабаттуу үйлөр курулуп, жүздөгөн жарандар турак жайлуу болушту. Мына ушундай мисалдар көп. Мамлекеттин мүлкү мамлекетке кайтарылып, аны элдин кызыкчылыгына иштетүү аракети уланууда.

Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн билесиздер. Башында ал жер дагы мамлекетке таандык болгон. Бирок кийин өзүнө өткөрүп алып, үй курган. Соттун чечими менен бул жер дагы мамлекетке кайтарылган. Эми жер тилкенин жарымына заманбап шарттагы карылар үйү курулуп, эскилиги жеткен Ысык-Ата районундагы жана Бишкектеги карылар үйлөрүндөгү карыялар ушул жерге көчүрүлөт.

Калган жарымына 500 орундуу балдар бакчасы курулуп, Кой-Таш, Арашан, Таш-Мойнок, Татыр, Прохладное жана жакынкы айылдардын балдарына кызмат кылат. Учурда бул айылдардын тургундары балдарын шаарга ташып келишет. Курулуш иштери жакынкы күндөрү башталып, кийинки жылга бүткөрүлөт. Ал эми Бишкек шаарындагы карылар үйүнүн ордуна ипотекалык көп кабаттуу үйлөр түшөт”,-деген Тимур Малбашев.

14