Бүгүн, 13-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ноокат районунун Кулатов айыл аймагынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Камчыбек Ташиев өлкө аймагында жүрүп жаткан маанилүү иштер тууралуу маалымат берди. Ал өзгөчө коррупцияга каршы күрөш, кылмыштуу топторду жоюу жана коомдогу тартипти чыңдоо боюнча көрүлүп жаткан чараларга токтолду.
Жергиликтүү тургундар айылдагы көйгөйлөрдү айтып, бир катар социалдык маселелерди чечип берүүнү суранышты. Алардын ичинен негизгилери таза суу менен камсыз кылуу, жаңы мектеп куруу, тез жардам унаасына болгон муктаждык, жолдорду оңдоо жана башка жашоого зарыл шарттар болду.
Көйгөйлөрдү жеринен угуп, УКМК башчысы тиешелүү жетекчилерге бул маселелерди чечүү боюнча тапшырма берди. Ошондой эле өзү да жеке демилге көтөрүп, Кулатов айыл өкмөтүнө жаңы тез жардам унаасын алып берүү жана айылдагы мектептин имаратын курууга көмөктөшөөрүн билдирди.
Бул жолугушуу эл менен бийлик ортосундагы ачык диалогго жол ачып, жергиликтүү тургундардын көптөн бери чечилбей келген маселелерин алдыга жылдырууга шарт түздү.