7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев: Министр “бандиттердин башчысы коркутуп жатат» деп ыйлап келген

16

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мындан эки жыл мурда министрлердин бири уюшкан кылмыштуу топ тарабынан коркутууга дуушар болгонун билдирди. Бул тууралуу ал Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү эл менен жолугушууда айтты.

Анын айтымында, видеочалуу аркылуу байланышка чыгып, талапты аткартуу үчүн үй-бүлөөсү менен коркуткан.

“Мага кечээ бандиттердин чоңу видео байланыш аркылуу чалып, эртең ушуну аткарбасаң бала чакаңдын, башканын азабын тартасың деп коркутуп түз эле айтты дейт. Мен иштебей эле коеюн, арызымды жазып кетип калайын деп ыйлап келиптир мага. Ошондо мен токтот, коркпо, мен сени карайм деп жүрүп акыры ошол бандиттердин баарын жок кылдык”,- деди Ташиев.

УКМК төрагасынын айтымында, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө карата тиешелүү чаралар көрүлүп, министрди коркуткан адамдар “жок кылынган”. Ошондой эле Ташиев Кыргызстан учурда КМШ аймагындагы уюшкан кылмыштуу топтор толук түрдө жок кылынган жападан жалгыз мамлекет болуп калганын кошумчалады.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

17