7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Аю» холдингдин ээсинин 10 млрд. сомго бааланган мүлкү мамлекетке өттү

225
 Шаршенбек Абдыкеримовго таандык жалпы баасы 10 миллиард сомдон ашык бир катар ири соода-оюн-зоок борборлору жана өнөр жай объектилери мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Маалыматка караганда, Абдыкеримов мамлекеттик органдарга жасалма каржылык документтерди берип, кылмыштуу кирешелерди адалдоого шектелгени айтылат.

«Аю» холдинг узак убакыт бою милдеттүү салыктардан, социалдык жана башка төлөмдөрдөн качып, мыйзамсыз табылган кирешени адалдоо үчүн мамлекеттик органдарга жасалма финансылык отчетторду тапшырып жүргөн. Компаниянын экономикалык ишин мыйзамдуу көрсөтүү үчүн мүлктүн бир бөлүгүн аффилирленген жактарга каттатып коюшкан.

Тергөөнүн жыйынтыгында Ш.Абдыкеримов жалпы наркы 10 миллиард сомдон ашкан ири соода-оюн-зоок борборлорун, өнөр жай базаларын жана коммерциялык жайларын мамлекетке өткөрүп берген.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

226