7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балбан Бекзат Алмаз уулу дүйнө чемпионатында күмүш медаль утту

336
Кыргызстандык балбан Бекзат Алмаз уулу Хорватияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды.
Ал 57 килограмм салмакта күч сынашты. Эркин күрөш боюнча мелдештин финалына чейин кыргыз балбаны канадалык Гаретт Аустин Саундерсти, япон балбаны Рин Сакамотону, македониялык Владимир Егоровду жана өзбекстандык Гуломжон Абдуллаевди жеңген. 
Чечүүчү таймашта кыргыз балбаны Түндүк Кореядан келген учурдагы Азия чемпиону Чонг Сонг Хан менен күч сынашып, 9:12 эсебинде утулуп калды.
Бул медаль Кыргызстан үчүн аталган дүйнө чемпионатындагы экинчи ийгилик болду. Буга чейин 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев коло медаль алган.
337