Контрабандалык дары-дармектерди сатуу боюнча мыйзамсыз схеманын бети ачылды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан кампада тинтүү иштери жүргүзүлүп, анда Европа жана КМШ мамлекеттеринен алып келинген өзгөчө ири өлчөмдөгү дары-дармек каражаттары табылган. Кампа уруксат кагаздары жок иштетилип келген.
Дары-дармектер табылган 10 дарыкананын ишмердүүлүгүнө чектөө коюлду. Мыйзамсыз дары-дармек каражаттары аймактар боюнча, тактап айтканда Ош шаарына жана Ош облусуна, Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарына жана Жалал-Абад шаарына таратылган.
Тинтүү учурунда күчтүү таасир берүүчү психотроптук дары-дармектердин табылган, колдонуу боюнча рецепт кагаздарынын жана дарыгердин көрсөтмөсү жок сатылып жаткан. Дары-дармектерди мыйзамсыз ташып келген жаран уюштургандыгы аныкталып, ал УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram