7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ахунбаев көчөсү ачылды. Кандай өзгөрүүлөр бар?

31

Бишкектеги Ахунбаев көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн — Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки, узундугу 1,7 чакырымды түзгөн бөлүгү толугу менен пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган жол бөлүгүндө төмөнкү иштер аткарылган:

– эки катмар асфальт төшөлдү;

– жаңы жол белгилери орнотулду;

– жол чийиндери чийилди;

– жол боюндагы бордюрлар жаңыртылды.

Жогоруда аталган оңдоп-түзөө иштери транспорт агымын жакшыртууга жана шаардагы жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган.

Мэрия шаар тургундарын жана конокторун жаңыланган жол тилкелеринде жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.

32