7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте кумар оюндарын уюштурган топ кармалды

414

Мыйзамсыз кумар оюндарын уюштурган жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз кумар оюндарын уюштуруп жатышкан жана бул максатта бир күндүк батирлерди ижарага алышкан.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 219-1-беренеси (Оюн-зоок ишин мыйзамсыз уюштуруу) боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө мыйзамсыз кумар оюндары өткөрүлгөн дарек жана аны уюштурган жарандар аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген.

“Соттун чечими менен 2000-жылы туулган М.Б., 1989-жылы туулган К. Э., 1981-жылы Т. Ю., 1987-жылы туулган С. Г., 1994-жылы туулган И.Ж. аттуу жарандарга карата камакка алуу баш коргоо чарасы талдалып алынган. Тергөө уланууда”, — деп берилет маалыматта.

415