Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында АКШнын Президентинин Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Серджио Гор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, эки тараптуу, ошондой эле көп тараптуу форматтарда, анын ичинде экономикалык өз ара аракеттенүү чөйрөсүндөгү мамилелерди чыңдоо маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, миграциялык процесстерди көзөмөлдөө маселелери каралды. Сүйлөшүүгө катышкандар аталган багытта конструктивдүү диалогду өнүктүрүүгө өз ара кызыкдарлыктарын баса белгилешти.
Соңунда Президент Садыр Жапаров Кыргызстан АКШнын Президенти Д.Трамптын администрациясы менен активдүү кызматташууга, ошондой эле региондо туруктуу өнүгүүнү жана стабилдүүлүктү камсыздоого багытталган биргелешкен демилгелерди илгерилетүүгө даяр экенин белгиледи.