7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуу сунушун тармактык комитет колдоду

182

Бүгүн, 23-сентябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуусу жөнүндө сунушту карады. Бул тууралуу парламенттен кабарлашты.

Аталган маселе боюнча Жогору Кеңештин депутаты Улан Примов маалымат берди. Ал демилгечи топто 32 депутат бар экенин белгилеп, сунуш киргизүүнүн жагдайларына токтолду.

«Эки негизги саясий окуя – президенттик жана парламенттик шайлоонун аралыгы 1 гана ай болууда. Андыктан саясий туруктуулукту бекемдөө жана мамлекетте бийлик бутактарынын толук кандуу иштеп туруусун камсыз кылуу  максатында,  демилгечи топ 7-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары өзүн-өзү таркатуусу боюнча сунушту киргиздик”, -деди Улан Примов.

Жыйынтыгында комитет сунушту Жогорку Кеңештин кароосуна, анын ичинде аны парламенттик жыйында кароонун күнүн аныктоо үчүн Координациялык кеңештин кароосуна киргизди.

183