7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токмокто билим берүү мекемесине уурулукка киргендер кармалды

494

Токмок шаарында уурулукка шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз катчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын март айынын аягында Токмок шаарынын ички иштер органдарына 1970-жылы туулган Т.В. аттуу жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, үстүбуздөгү жылдын 29-мартына караган түнү Токмок шаарындагы билим берүү мекемелердин биринин терезесин сындырып, белгисиз адамдар киришип ал жактан арыз ээсинин уюлдук телефонун, ноутбугун жана акча каражаттарын уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 55 миң сомду түзгөн.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББдүн жана Токмок шаарынын ИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1999-жылы туулган И.Р. жана 1982-жылы туулган Ч.Э. аттуу жарандар кармалышкан.
Шектүү жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

495