7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мыйзамсыз орнотулган тосмо, унаа токтотуучу жай жана ангар демонтаждалды

390

Мэриянын кызматкерлери тарабынан 7-Апрель көчөсү, 3/2 дарегинде мыйзамсыз орнотулган тосмо алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул тосмо экинчи жолу алынууда. Объект кызыл линияда болсо да, ар кандай курулуштарды орнотуу Архитектура башкармалыгынан уруксат алуу менен гана мүмкүн экенин эске салабыз.

“Мадыев көчөсү, 20 дарегинде кафенин администрациясы мыйзамсыз тосмолор менен тосуп, акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайларды уюштурган. Бардык курулуштар алынды. Ошондой эле 650 чарчы метр ангарды алуу иштери башталды. Буга чейин мэриянын комиссиясы ижара келишимин токтоткон. Ангар демонтаждалып, жер муниципалдык менчикке кайтарылып берилет”, — деп берилет маалыматта.

Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тартипти орнотуу жана муниципалдык жерлерди мыйзамсыз курулуштардан тазалоо иштерин улантууда.

391