7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ат-Башыда топоздун этинен тушёнка экспортко чыгарылат

311

Ат-Башыда районунда топоздун этинен кайра иштетилген азык-түлүк экспортко чыгууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ат-Башыдагы 30+20+10 долбоорунун алкагында мал чарбачылыгынан топоз чарбасы тандалып алынган.

«Фермерлер менен сүйлөшүүлөр уюштурулуп, топоздорду өндүрүү жана көбөйтүү аракеттери көрүлүүдө. Ошондой эле топоз этинен тушёнкаларды өндүрүү менен экспортко, ички рынокко сатуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бардык өндүрүлгөн продукциялар Ат-Башы эт комбинатына өткөрүлүп, ал жерден кайра иштетилет», — делет малыматта.

Белгилей кетсек, аталган демилге райондун мал чарба секторунун өнүгүшүнө жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган.

312