Бишкекте мэр Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы астында ШКУ саммитине, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдыктар, борбор калааны көрктөндүрүү жана жашылдандыруу маселелери талкууланган жыйын өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
«Биздин башкы максат — комплекстүү инфраструктураны түзүү жана иш-чараларды өткөрүүнүн жогорку эл аралык деңгээлин камсыз кылуу. Даярдык биздин мойнубузда, ошондуктан баарыбыз сааттын жебеси сыяктуу бир калыпта иштешибиз керек.
Майда-барат иштер көңүл сыртында калбашы керек. Ар бир аракетиңиз Бишкектин өнүгүшүнө салым болсун», — дейт борбор калаа башчысы.
Мэр Айбек Жунушалиев алдыда боло турган иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгилеп, зарыл иштерди даярдоону жана аткарууну координациялоо үчүн анын жетекчилиги астында жумушчу топ түзүүнү тапшырды.
«Шаар тургундарынын пикирин угуу жана алган милдеттенмелерин аткаруу өтө маанилүү. Адамда эң негизгиси чынчылдык жана жоопкерчилик. Бардык убадалар аткарылышы керек», — дейт мэр кеңешменин жыйынтыгында.