Кыргызстандын белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмери, энергетика тармагында эмгек сиңирген ишмер, Ош шаарынын мурдагы мэри Муканбек Калмаматович Алыкулов 80 жашында дүйнөдөн кайтты.
Муканбек Алыкулов 1945-жылы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Советское айылында туулган. 1969-жылы Фрунзе политехникалык институтун бүтүрүп, эмгек жолун баштаган.
Ал карьерасын Базар-Коргон районуна караштуу Энгельс атындагы колхоздо иштөө менен баштаган. Андан соң Өзбек ССРинин Ангрен шаарындагы шахтада эмгектенген.
- 1969-жылы Түштүк эт-мал жана сүт өнөр жай трестинде башкы энергетик болуп иштеген.
- 1969–1970-жылдары Совет Армиясында кызмат өтөп, андан соң Ош шаардык электр тармагында инженердик кызматтан жетекчиге чейин жеткен.
- 1980–1984-жылдары Кыргыз ССР Компартиясынын Ош обкомунда инструктор болуп эмгектенген,
- 1984–1987-жылдары электр станциялары жана электротехникалык өнөр жай кызматкерлеринин облустук профсоюзун жетектеген.
- 1987–1995-жылдары Ош электр тармагында директорлук кызматта болгон.
- 1995–1996-жылдары Ош шаарындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жетектеп, шаарды өнүктүрүүгө салым кошкон. Андан соң кайрадан Ош электр тармагын башкарган.
Муканбек Алыкулов Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошкон, мамлекеттик сыйлыктарга татыган жана элдин урмат-сыйына ээ болгон. Ал Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин XII чакырылышынын депутаты жана Жогорку Кеңештин I чакырылышынын Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты болгон.



