7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Караңгыда өзүнө жарык берип жол шыпырган кызматкер (ВИДЕО)

230

Соцтармактарда караңгыда өзүнө жарык берип жол шыпырган кызматкердин видеосу тарап, коомчулуктун талкуусунда калган. Бул тууралуу «Тазалыктын» директору Жолдош Чуштуков комментарий берди. 

«Тазалыктын» кызматкерлери чоң көчөлөрдө түнкү саат үчтө, кичирээктеринде саат алтыда ишке чыгат. Ар бирине маяктарды алып бергенбиз. Алар кызыл-көк болуп жанып, ошол эле учурда жарык да берет. Караңгыда коопсуздукту сактоо үчүн атайын жарык чагылдыруучу кийим менен камсыздайбыз. Азыр свет өчүрүлгөндүктөн, маяктын фонариктери менен иштеп жатышат. Фонарик алып берүүнү сунуштап жатышат. Өзүбүз да акча бөлүп, ар бир көчө шыпырган кызматкерге фонарик алып берүүнү пландап жатабыз. Арга жок, фонарик менен иштөөгө туура келүүдө. Себеби эл жумушка чыккыча шыпырып коюу зарыл», — деди ал.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

231