Бишкекте айдоочулар 51 миң сом өлчөмүндө айыпка жыгылды. Бул тууралуу МККБнын басма-сөз кызматы билдирет.
«Айдоочулар жасалма мамлекеттик каттоо номерлерин, мыйзамсыз орнотулган атайын жарык жана үн сигналдарын колдонуп башкаргандыгы аныкталды.
Эки унаа тең табылып, айып короосуна токтотулду. Айдоочуларга карата каралган протоколдор түзүлүп, жалпы 51 миң сом айып пул салынды», — делет маалыматта.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



