7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«MANAS CUP 2025» кубогун Орусия жеңип алды

1

Бүгүн, 18-ноябрь күнү Манас шаарында эл аралык MANAS CUP 2025 (U-23) эл аралык футболдук мелдеши жыйынтыкталды. Мелдештин жыйынтыкталуучу күнү Кыргызстандын олимпиадалык курамасы Орусияга каршы беттешип, оюн 8:0 эсебинде коноктордун жеңиши менен жыйынтыкталды.

Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшыруу аземине Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев жана Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков катышты.

Эске салсак, Кыргызстандын олимпиадалык курамасы алгачкы беттешинде Бахрейн менен ойноп 2:1 эсебинде, ал эми 15-ноябрь күнү Иран курамасына каршы беттеште 2:1 эсебинде жеңген.

Жалпы мелдештин жыйынтыгы:
1-орун — Росси (9 упай) — 50 миң АКШ доллары;
2-орун — Кыргызстан (6 упай) — 30 миң АКШ доллары;
3-орун — Иран (3 упай) — 20 миң АКШ доллары;
4-орун — Бахрейн (0 упай) — 10 миң АКШ доллары;

«Mанас Сup 2025» салттуу мелдешке айланып, жаш курама командалардын өз ара тажрыйба алмашуусуна, эл аралык деңгээлдеги оюн практикасын жогорулатууга жана достук мамилелерди чыңдоо максатын көздөйт.

Андан сырткары, бул эл аралык мелдеш алкагында биздин курама командабыз 2026-жылкы Азия Кубогунун финалдык баскычына даярдык көрдү.

2