Испаниянын Лас-Розас-де-Мадрид шаарында футзал боюнча Кыргызстандын жаштар курамасы Португалия менен жолдоштук беттеш өткөрдү. Бул тууралуу спорттук бирикмеден билдиришти.
Ассоциациядан билдиришкендей, беттеш 5-4 эсебинде биздин команданын пайдасына аяктады.
Голдорду Кангелди Кошонов, Нурдөөлөт Эгенбергенов, Нурдин Мендибаев, Артур Маматов жана Нурдин Мендибаев киргизди.



