7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстан Ооганстанга электр энергиясын экспорттоо боюнча келишимге кол койду

21

Өзбекстан менен Ооганстан 2026-жылга карата электр энергиясын жеткирүү боюнча макулдашты.

Мындай келишимге тараптар 17-ноябрда Ташкентте Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов менен Ооганстандын Da Afghanistan Breshna Sherkat (DABS) компаниясынын жетекчиси Абдул Бори Омар жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кол коюшту. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме билдиргендей, экспортту улантуу Ташкенттин Ооганстандын экономикасын колдоо саясатынан улам ишке ашууда. Өлкө башчы Шавкат Мирзиёев бул саясат тууралуу БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясында да белгилеген.

Сүйлөшүүлөрдө Ооганстандагы ири энергетикалык долбоорлор да талкууланды. Тараптар баасы 250 миллион долларлык инвестициялык пакетке кирген объектилер боюнча иштерди тездетүүгө макулдашты.

Долбоорлор 2027-жылдын биринчи чейрегинде аяктаары күтүлүүдө. Андан кийин Ооганстан Өзбекстандан 800–1000 МВтка чейин электр энергиясын ала алат.

Da Afghanistan Breshna Sherkat тараткан маалыматка караганда, Ооганстан жыл сайын Түркмөнстан, Иран, Өзбекстан жана Тажикстандан болжол менен 800 МВт электр энергиясын алат. Импортко жылына 250–280 миллион доллар жумшалат.

22