Сезим Жуманазарова Сауд Арабияда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарын жеңиш менен баштады.
Балбан кыз 57 кг салмакта күч сынашып, 7 спортчу эки топко бөлүнгөн. Жуманазарова «В» тайпасында эки беттеш өткөрөт.
Алгачкы беттеште Жуманазарова угандалык спортчуну 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алган. Балбан кыз экинчи айлампада Алжирдин өкүлү менен беттешет.



