Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планынын долбоорун майда-чүйдөсүнө чейин Санкт-Петербургдун шаар куруу боюнча илим-изилдөө институту даярдап жатат. Шаар мэри Айбек Жунушалиев биздин пресс-борбордогу брифингде башкы план келерки жылы бекитилиши керек экенин айтты.
2024-жылы концепцияны япон компаниясы иштеп чыгып, документ минкабда бекитилген. Ал эми быйыл Санкт-Петербургдун институту менен кеңири долбоорлоо боюнча келишим түзүлгөн.
Мэрия эки айдын ичинде жарандардан сунуштарды кабыл алат.



