Мирбек Мамбеталиев Германиянын Элчиси Моника Ленхард менен жолукту
22
Бүгүн Маданият, Маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Моника Ленхард айым менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдирди.
Министр маданият, билим берүү жана гуманитардык кызматташтык жаатында көрсөтүлүп келе жаткан колдоосу үчүн Германия Федеративдүү Республикасына терең ыраазычылык билдирди.
Ал Кыргызстан үчүн Германия менен түзүлгөн ишенимге, өз ара урматтоого жана жалпы баалуулуктарга негизделген өнөктөштүк өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.
Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы маданий кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Атап айтканда, чыгармачыл коллективдердин тажрыйба алмашуусу, музей жана китепкана иши боюнча биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү маселелери көтөрүлдү. Мындан тышкары, кыргыз музейлерине методикалык колдоо көрсөтүү, жаштар менен иштөө, ошондой эле маданий мекемелердин жаш кызматкерлери үчүн окуу программаларын жана тажрыйба алмашуу сапарларын уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Министр М. Мамбеталиев Моника Ленхард айымды Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында (ДКО) өтүүчү иш-чараларга катышууга чакырып, бул эл аралык форум маданий диалогду чыңдоого жана гуманитардык байланышты кеңейтүүгө маанилүү аянтча экенин баса белгиледи.
Тараптар келечекте кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө жана жаңы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экенин тастыкташты.