7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

55 млн долларлык мечит: Садыр Жапаров ишкер Абдукадыр Хабибулланын белеги тууралуу түшүндүрмѳ берди

5

Президент Садыр Жапаров ишкер Абдукадыр Хабибулла тарабынан курулуп жаткан 55 миллион долларлык мечитке байланыштуу коомчулуктагы суроолорго жооп берди.

— Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич? Өткөндө бизге берген маегиңизде “Нарын” ресторанынын ордуна беш жылдыздуу мейманкана куруп жаткан ишкер Абдукадыр Хабибулла кыргыз элине 55 миллион долларлык мечит куруп жатканын айттыңыз эле. Бул боюнча окурмандарыбыздан, айрыкча, дин темасына кызыккан жарандардан “Бул кандай мечит болот, жеке кызыкчылыгы жокпу” деген суроолор түшүүдө.

— Саламатчылык. Бул жөн эле мечит эмес. Анын медресеси да болот. Балдар ошол жерде жатып, тарбия алып, диний билимди системалуу негизде үйрөнүшөт.

Артыкчылыгы эмнеде десеңиздер, айта кетейин, бүгүн ислам дининин ар кандай агымдары көбөйгөн учур. 10-15 агым болуп кеткен. Арасында деструктивдүүсү дагы бар.

Бир эле кыргыз “сеники туура эмес, жок сеники эмес, меники туура” деп талашып-тартышып келишет. Ушунун баарын тартипке келтирип, иретке салабыз.

Мындай шартта диний сабаттуулук — мамлекет үчүн абдан маанилүү маселе. Мурда диний билим алуу үчүн жаштар ар кайсы өлкөлөргө чыгып кетчү. Көзөмөл болбогондуктан, кээ бирлери туура эмес багыттарга кетип калчу.

Эми биз 18 жашка чейинки балдарды өзүбүздө окутуп, туура багытта тарбиялайбыз.

Медресени бүткөндөр билимин Токмок шаарында ачылган Ислам академиясында улантат. Мунун баары — келечекте өлкөдө бирдиктүү диний билим берүү системасын түзүү үчүн жасалып жаткан иш.

Кыргызстан боюнча төрт миңге жакын мечит бар, ошол мечиттерге медресени, анан академияны окуп, бүтүп чыккан адистер имам болуп дайындалышат. Бул дагы — диний тармактагы карама-каршылыктарды, бөлүнүүнү, ар кандай жаңылыш агымдардын таасирин азайтуу үчүн жасалып жаткан кадам.

Керек болсо мамлекеттен каражат да бөлүп беребиз.

Ишкер Абдукадыр Хабибулла мейманкананы өзүнчө бизнес катары иштетет, ал эми мечит — элге белек. Инвесторлорду “мындай, тигиндей” деп бөлбөй, тескерисинче, иш жүргүзүүгө шарт түзүп беришибиз керек.

Ал кааласа, бир гана мейманкана куруп, бизнесин өнүктүрүп жүрө бермек. Бирок бир нече миң адам бата турган мечитти медресеси, жатаканасы менен белек кылып жатканы — бул анын өз ыктыяры жана элге жасаган жакшылыгы.

Эч кандай жеке кызыкчылыгы жок. Мечитти куруп бүтүп, кыргыз тарапка толук өткөрүп берет. “Кийин объектини карап турууга да жардам берип турам” деп сөз берген.

Маектешкен Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев

6