Ош шаарынын Моминова, Момунов, Номуна көчөлөрү капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бири-бири менен туташкан бул көчөлөр буга чейин кароосуз абалда болчу.
Таштак жол бир тилкелүү болуп, унаалар гана эмес жөө жүргүнчүлөргө да кыйынчылык жаратып келген.
Мэр Жеңишбек Токторбаев рейд учурунда аталган көчөлөргө бир нече жолу барып, капиталдык ремонттон өткөрүүнү тапшырган. Жолду кеңейтүү иштеринин алкагында жалпы 10дон ашык турай-жай бузулган.
Бүгүн пайдаланууга берилген көчөлөр 6 метрден 13 метрге кеңейтилип, 2 тилкелүү жол 4 тилкелүү болуп өзгөрдү. Ага кошумча тротуар жана ирригациялык арыктар да кошо курулду. Жумуш жергиликтүү бюджеттин эсебинен жасалып, жергиликтүү жашоочуларга ыңгайлуулук түзүлдү.



