7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азамат Мавлонов коло утуп, Сурдлимпиаданын 3 жолку байге ээси болду

273

Кыргызстандык таэквондочу Азамат Мавлонов Япониянын Токио шаарында өтүп жаткан XXV Жайкы Сурдлимпиада оюндарында коло медалга ээ болду.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал 80 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, үч беттеш өткөрдү.

Спортчу алгачкы эле беттешинде Түштүк Кореянын күчтүү спортчусу Чо Сангуга жеңилип калган. Бирок, кореялык спортчунун финалга чыгышы анын көңүл жубатуучу беттеште күрөшүүсүнө мүмкүнчүлүк түздү. Анда, кыргызстандык спортчу Түркиянын спортчусун ишенимдүү жеңип, коло медаль үчүн күрөшүү укугун алды.

Чечүүчү таймашта Мавлонов Өзбекстандык атаандашына карата артыкчылыгын көрсөтүп, ишенимдүү жеңишке жетти. Ошентип, Азамат Мавлонов Сурдлимпиада оюндарынын үч жолку байге ээси болду.

 

274