7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көлдүн Көөчү айылында эки кабаттуу жаңы мектеп курулууда

22

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Көөчү айылында эки кабаттуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.

Маалым болгондой, мектептин жалпы аянты 1351,74 чарчы метр.

Долбоорго ылайык, эки кабаттуу мектепте окуучулар жана окутуучулар үчүн бардык заманбап шарттар каралып, республикалык бюджеттен каржыланууда.

Курулуш иштери 2025-жылдын сентябрь айында башталып, Курулуш министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылып жатат. Жаңы мектепти 2026-жылдын жай айына чейин бүткөрүү пландалууда.

Учурда жаңы мектептин бүткөрүлүшүн күткөн 500гө жакын окуучу 15 жыл мурда курулуп, жер титирөөдөн улам кооптуу абалга кептелип калган эски мектепте билим алууда.

23