7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга келди

275

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин бүгүн, 25-ноябрда, мамлекеттик сапары менен Кыргыз Республикасына келди.

Жогорку мейманды “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тосуп алды. Флагштокторго эки өлкөнүн туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол ротасы тизилген.

Перрондо улуттук боз үйлөр тигилип, этно-жоокерлер алгыр куштар жана тайгандар менен көчмөн эл маданиятынын элементтерин чагылдырышты. Андан соң мамлекет башчылар үчүн эки элдин музыкалык чыгармаларын аткарган кыргыз артисттеринин катышуусундагы чакан концерттик программа тартууланды.

Мамлекеттик сапардын жүрүшүндө Кыргызстан менен Россиянын лидерлери эртең, 26-ноябрда, эки жактуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана стратегиялык өнөктөштүк духундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоо перспективаларын талкуулашат. Ошондой эле бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.

276