Баткен облусунун эли 77 пайыз көмүр менен камсыз болду. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, облустун калкын арзан баадагы көмүр менен камсыздоо максатында жергиликтүү бийлик органдары менен Сүлүктү шаарындагы көмүр шахталарынын ортосунда келишим түзүлүп, арзан көмүр жеткирүү иштери активдүү уланууда.
25-ноябрда Сүлүктү шаарынан Кызыл-Кыя шаарына жана Кадамжай районунун элине 424 тонна көмүр жеткирилди. Ар бир айыл аймакка калыс бөлүштүрүлүп, бир кабы 380 сомдон сатылууда.
Ошондой эле ушул тапта Лейлек районунун аймагына да арзан көмүр жеткирилип, айыл аймактарда 270 сомдон сатылууда.
Ошентип, бүгүнкү күнгө карата Баткен облусунун эли 77 пайыз көмүр менен камсыз болду. Тагыраагы 77 миң тонна көмүр ташылып, калкка сатылды. Баткен облусунун калкынын бир жылдык керектөөсү 100 миң тоннаны түзөт.
Бүгүнкү күнгө Сүлүктү шаарындагы көмүр кендери, ортомчусуз, облус аймагына арзан баада 20 миң тонна көмүр жеткирилди. Баасы 6,50 тыйындан 8,50 тыйынга бааланды. Бул эл тарабынан суроо талап жогору болгон көмүрдүн БР (орешка) түрү болуп эсептелет.
Ал эми «Кыргыз көмүр» ААК тарабынан облус аймагына 586 миң тонна көмүр ташылды.
Ошондой эле облус аймагындагы социалдык жактан муктаж болгон үй бүлөлөргө 305 тонна көмүр акысыз берилди.



