7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто Алымбек датка менен Курманжан датканын күмбөзү жаңыдан курулду (ВИДЕО)

157

Ошто Алымбек датка менен Курманжан датканын күмбөзү жаңыдан курулду. Бул тууралуу Ош мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаар мэри Жеңишбек Токторбаев Сары мазар көрүстөнүндөгү Алымбек датка менен Курманжан датканын толук жаңыдан курулган күмбөзүндө куран окуду.

Буга чейин күмбөздүн сырткы, ички бөлүгү эскирип, зыярат кылганы келген жарандар үчүн да толук шарт болгон эмес. Жаңыдан курулган күмбөз мрамор таштар менен кооздолуп жасалып, ичинде зыяратчылар үчүн куран окууга ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Жакынкы күндөрү жаңыдан курулган күмбөз УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин, Алымбек датка, Курманжан датканын урпактары жана туугандарынын катышуусунда ачылышы күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, Алымбек датка менен Курманжан датканын күмбөзү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана шаар мэри Жеңишбек Токторбаевдин жеке каражатынын эсебинен курулуп бүттү.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

158