7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кыргызфильмдин» тасмаларын уруксаатсыз пайдаланууга тыюу салынат

15

Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын тасмаларын автордук укук ээсинин макулдугусуз колдонууга жана таратууга тыюу салынат. Бул тууралуу бүгүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзамдарда белгиленгендей, аудиовизуалдык чыгармалардын укук ээси аларды өндүргөн мекеме болуп эсептелет. Ошого байланыштуу фильмдерди кайра иштеп чыгуу, көрсөтүү, эфирге берүү, интернетте, социалдык тармактарда, стриминг жана башка платформаларда жайылтуу укук ээсине гана таандык.

Буга байланыштуу «Кыргызфильм» медиарыноктун бардык катышуучуларын автордук укук талаптарын сактоого чакырып, мыйзам чегинде кызматташууга даяр экенин белгилейт.

«Уруксатсыз пайдалангандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат», — деп айтылат билдирүүдө.

16