7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сүткорлук менен алектенген Султановдун жактоочусу кармалды

16

Курулуштагы жана күрөөгө коюлган насыя берүүдөгү алдамчылык жана опузалоо схемасынын шериктеши болгон жактоочу Исаев Рустам Асангазыевич кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Буга чейин УКМК тарабынан алдамчылык жана ири өлчөмдөгү мүлктү опузалап алуу фактылары боюнча күрөөкана иштетүү жана сүткорлук менен алектенген Султанов Манас Асеинович кармалган.

Ал кайрылган жарандарга өтө жогорку пайыздык чендер менен оор шарттарда насыяларды берип, кардарларды көз каранды абалга алып келүү менен кардарларынын насыя алуу үчүн күрөөгө коюлган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн мыйзамсыз түрдө тартып алган.

М.А. Султановко жогоруда айтылган мыйзамсыз иш-аракеттерди ишке ашыруу үчүн Исаев Рустам Асангазыевич аттуу жаран өзүн анын өнөктөшү жана жактоочусу катары баардык жардамды көрсөткөнү аныкталган.

Ошол эле учурда, Р.А. Исаевтин түздөн-түз катышуусу жана көмөгү астында «Эксперт Строй» ЖЧКга караштуу — «Шелковый путь» турак жай комплекси жана «Арз Девелопмент» ЖЧКнын жетекчилерине карата кыймылсыз мүлктөрдү жана башка материалдык баалуулуктарды опузалап алуу жана опузалап талап кылуу иштери жүргүзүлгөн.

Териштирүүнүн жүрүшүндө «Эксперт Строй» ЖЧКга караштуу — «Шелковый путь» турак жай комплексинин 89 үлүшчүсү, «Арз Девелопмент» ЖЧК курулуш компаниясынын өкүлдөрү жана бир катар кыргызстандыктар жабыркаган.

Кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып, ага тиешеси бар башка адамдар аныкталууда.

17