МККБ кызматкерлери төрөт учурундагы аялды төрөт үйүнө ыкчам жеткиришти. Бул тууралуу МККБнын Басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, шаар көчөлөрүнүн биринде кайгуул кызматын аткарып жүргөн Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлерине жаран кайрылып, жардам көрсөтүүнү суранган. Ал жубайы төрөп жатканын айтып, аны тез арада төрөт үйүнө жеткирүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн.
МККБ кызматкерлери кайрылууга дароо жооп берип, коопсуз коштоо уюштуруу аркылуу төрөт учурундагы аялды медициналык мекемеге ыкчам жеткиришти. Кызматкерлердин так жана ыкчам аракеттеринин натыйжасында аял өз убагында дарыгерлерге өткөрүлүп берилди.



