Жогорку Кеңештин депутаттары «Кыргыз Республикасы менен Моңголиянын ортосундагы экстрадициялоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун биринчи окууда карашты.
Аталган келишимге 2025-жылы 21- июлда Бишкек шаарында кол коюлган.
Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева билдиргендей, Моңголияда Кыргызстандын 50гө жакын жараны жашайт, бирок ал жактагы жабык мекемелерде кыргызстандыктар жок. Кыргызстанда Моңголиянын 2 жараны жазасын өтөп жатат.
2024-2025-жылдары Моңголия экстрадициялоо боюнча 3 суроо-талап жөнөткөн. 2025-жылы 1 суроо-талап канааттандырылган, экинчисин кароо убактылуу токтотулган. Кыргызстан азырынча мындай сурооталаптарды жөнөтө элек.



