7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент айдоочулук күбөлүктөрдү убактылуу акысыз алмаштыруу жөнүндө жарлык чыгарды

29

Президент Садыр Жапаров “Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүктү өткөрүү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу маалымат президенттин сайтына чыкты.

Өнөктүктү өткөрүү Кыргызстандын жарандары үчүн административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатын көздөйт.

Садыр Жапаров 20-январда «Кабар» маалымат агенттигине  курган кезектеги маегинде эски айдоочулук күбөлүктөрдү жапырт алмаштыруу өнөктүгү жөнүндө түшүндүрмө берген. Ал мурда Кыргызстандын паспорттору, ID-карталары, айдоочулук күбөлүктөрү жана башка документтери чет жактан чыгарылып жүргөн маалда коргоо элементтери алсыз болгонун, ошондуктан анын көбү жасалма болуп кетип, Кыргызстандын аброюна шек келтиргенин билдирген. Мамлекет башчы былтыртан тартып басып чыгаруу “Учкун” мамлекеттик ишканасында жүргүзүлүп жатканын, документтер жаңыланышы керектигин айткан.

Мурдараак 2009-жылдан 2012-жылга чейин берилген мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөргө 2027-жылга чейин мөөнөт коюлган эле. 2025-жылдын соңунда мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүк жоюлары, аны 2026-жылдан тарта он жылдык мөөнөткө берилүүчү күбөлүккө алмаштыруу өнөктүгү башталары жарыяланган.

Былтыр декабрда жана быйыл январдын башында тиешелүү мекемелерге мөөнөтсүз күбөлүгүн алмаштыруу үчүн баргандардын кезеги узарып, талаш-тартыш күчөгөн.

30