Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев саламаттык сактоо тутумун өркүндөтүүгө багытталган сунуштардын презентациясы менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Негизги маселе курч жүрөк-кан тамыр жана мээ кан айлануу ооруларын алдын алуу жана дарылоо чаралары болду. Планга ылайык, 2026-жылдын 1-майынан тартып Самарканд облусунда жана Ташкент шаарында «Инфаркт жана инсульт менен күрөшүү» улуттук программасы ишке кирет. Ал 1-октябрдан тартып Анжиян, Наманган жана Фергана облустарына, 2027-жылдан баштап өлкөнүн башка аймактарына жайылтылат. Программа эл аралык «Stent for Life» жана «Action Plan for Stroke» долбоорлорунун негизинде иштелип чыккан.
Документте 30 жаштан жогору калк арасында жыл сайын сурамжылоо өткөрүү, тобокел тобундагыларды максаттуу кароо жана шашылыш жардамдын так алгоритмдерин киргизүү каралган. Эл аралык стандарттарга ылайык «алтын саат» принципи бекемделип, тез жардам бригадалары заманбап жабдуулар менен камсыздалат, ЭКГны реалдуу убакытта өткөрүү жана ЖИ аркылуу талдоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Стационарларда инсультту ЖИ негизинде аныктоо киргизилет.
Ошондой эле 29-сентябрда — Эл аралык жүрөк күнүндө жана 29-октябрда — Инсульт менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүндө калк үчүн кан басымын, кант жана холестерин деңгээлин акысыз өлчөө, шашылыш жардам көрсөтүүнү үйрөтүү боюнча массалык иш-чаралар өткөрүлөт. Программаны каржылоо 2026-жылы 239 миллиард сумду (болжол менен 19,1 млн долларды), 2027-жылдан тартып 280 миллиард сумду (болжол менен 22,4 млн долларды) түзөт.



