7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Салык кызматы: Жалган электрондук эсеп-фактураларга каршы күрөш күчөтүлдү

30

Иш жүзүндөгү чарбалык операциясы жок электрондук эсеп фактураларды тариздөө фактылары аныкталууда. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзам бузуулар тобокелдикке багытталган ыкманы, ошондой эле заманбап санариптик куралдарды жана маалыматтык системаларды колдонуу аркылуу жүргүзүлгөн талдоолордун негизинде аныкталууда.

Айрым ак ниетсиз салык төлөөчүлөр салыктык эсепке алуу маалыматтарын атайылап бурмалап, жалган электрондук эсеп фактурасын тариздөө жолу менен жасалма чыгымдарды түзүп, салыктык милдеттенмелерди мыйзамсыз түрдө азайтууга аракет кылышууда.

Мамлекеттик салык кызматы мындай аракеттер салык мыйзамдарын түздөн-түз бузуу болуп саналат жана мыйзамдарда каралган жоопкерчилик чараларына алып келерин белгилейт.

“Электрондук эсеп-фактураларды тариздөө реалдуу чарбалык операциялар жана товарлардын, иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн иш жүзүндөгү кыймылы тастыкталган учурда гана жол берилет. Электрондук эсеп-фактураны жасалма документ жүгүртүү схемаларында колдонууда жасалган бардык аракеттер аныкталып, токтотуларын эскертебиз. Мамлекеттик салык кызматы мындай салык төлөөчүлөрдү мыйзамга каршы аракеттерди токтотууга жана ак ниет ишкердик ишмердүүлүктү жүргүзүүгө чакырат, анткени мыйзамдарда каралган санкциялар жана жоопкерчилик чаралары сөзсүз колдонулат жана ал жетишээрлик денгээлде абдан катуу мүнөзгө ээ. Мындай схемалар эртеби-кечпи аныкталат жана олуттуу финансылык жоготууларга алып келет”, — деп белгилешти мекемеден.

Салык кызматы мындай мыйзам бузууларды аныктоо жана алдын алуу боюнча иштерди мындан ары да күчөтөрүн, жалган электрондук эсеп-фактураны тариздөөнүн бардык аныкталган фактыларына тийиштүү укуктук баа берилерин кошумчалады.

31