Жогорку сот менен өлкөнүн алдыңкы 10дон ашык жогорку окуу жайлары кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюшту.
Иш-чаранын жүрүшүндө Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев бул демилге формалдуу мүнөздө гана эмес, мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнө багытталган стратегиялык мааниге ээ экенин белгиледи. Ошону менен катар, аталган кызматташтык жогорку окуу жайлардын студенттеринин кесиптик даярдыгын сот системасындагы практикалык тажрыйба аркылуу өркүндөтүүгө өбөлгө түзөрүн кошумчалады.
Төрага өз сөзүндө, сот практикасын талдоонун жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу, илимий потенциалды жогорулатуу, ошондой эле Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебине тажрыйбалуу окутуучуларды тартуу негизги багыттардан экенин белгиледи.
Мындан тышкары, Жогорку сот менен жогорку окуу жайлардын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү сот системасынын, укуктук мамлекеттин жана жалпы коомдун келечегине салынган маанилүү инвестиция экенин айтты.
Иш-чаранын алкагында Жогорку сот менен өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынын ортосунда түзүлгөн кызматташтык келишимдерди камтыган папкаларды өз ара алмашуу аземи болуп өттү.
Жолугушууда жогорку окуу жайлардын жетекчилери мындай демилге биринчи жолу ишке ашып жатканын белгилешип, Жогорку соттун төрагасына ыраазычылык билдиришти жана ар тараптуу кызматташтыктар туурасында пикирлерин ортого салышты.
Иш-чаранын соңунда Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев бардык катышуучуларга конструктивдүү баарлашуу жана сунушталган демилгелер үчүн ыраазычылык билдирип, бул кызматташтык мамлекеттин кадрдык потенциалын калыптандырууда маанилүү багыт экенин дагы бир жолу белгиледи.
Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун атынан эстелик белектерди тапшыруу менен жыйынтыкталды.



