Ж.Молдокматов: «Шакиев жигит болсо мандатын тапшырып, кетиши керек!»
10
Нурланбек Тургунбек уулу мандатын тапшырып, кетиши керек. Мындай пикирин Жеңиш Молдокматов фейсбуктагы баракчасына жазды.
«Кечээ “Азаттыкта” Нурланбек Шакиев тууралуу айтылган пикирим коомчулукта ар түрдүү суроолорду жараткандыгына байланыштуу, расмий позициямды билдирем. Нурланбек Шакиев Нүзүп бийдин эстелигинин ачылыш аземинде “Камчыбек Кыдыршаевичти тар чөйрөдө азыркынын Нүзүп бийи деп атап жүрүшөт” деген мазмунда билдирүү жасаган. Мындай билдирүүгө өз убагында тийиштүү укуктук жана саясий баа берилбегени өкүнүчтүү. Парламент — мамлекеттик бийликтин өз алдынча бутагы. Конституцияга ылайык, Президенттен кийинки мамлекеттик иерархияда парламенттин Төрагасы турат. Ошондуктан жогорку мамлекеттик кызматты ээлеген адамдын ар бир сөзү саясий жоопкерчилик менен айтылышы зарыл. Коомдо талаш-тартыш жаратып, мамлекеттик институттардын тең салмактуулугуна көлөкө түшүрө турган билдирүүлөргө жол берилбеши керек. Ушуга байланыштуу, жаралган жагдайда экс-төраганын кызматтан эле кетүүсү жетиштүү чара эмес деп эсептейм. Анын депутаттык мандатын тапшыруу маселеси каралышы керек. Бул — менин принципиалдуу жана ырааттуу позициям. Буга чейин коомдук жайда мушташкан, сын-пикир айткан депутаттар мандаттарын тапшырган. Экс спикер мамлекеттик түзүмгө каршы чыкты… Шакиев жигит болсо мандатын тапшырып, кетиши керек!»,- дейт Молдокматов.