7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу кармалган адамдардын жакындарын кабыл алды

10

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-февралда, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан кылмыштар боюнча кармалган адамдардын (соттолгондордун) ата-энелерин жана жакын туугандарын кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар мамлекет башчысына кармалгандарга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын үй камагына өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн кароону, ошондой эле соттолгондор үчүн жазаны жеңилдетүүнү өтүнүштү. Мындан тышкары, мыйзамдарды гумандаштыруу багытында өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы тууралуу маселе көтөрүлдү.

Президент Садыр Жапаров кайрылууларды угуп, жарандардын тагдырына тиешелүү маселелерди мамлекет көңүл буруусуз калтырбай турганын белгиледи. Ошол эле учурда ал баңгизаттарды жайылтуу менен байланышкан кылмыштар калктын саламаттыгына, коомдук коопсуздукка жана өлкөнүн келечегине түздөн-түз коркунуч туудурарын айтты.

Кармалгандардын жакындары билдиргендей, кармалгандардын көбү жаштар, бирок алардын арасында улуу курактагы адамдар да бар. Алардын айтымында, кармалгандардын бардыгы мурда жоопкерчиликке тартылган эмес жана биринчи жолу кармалган. Ошондой эле айрым кармалгандардын жанынан тыюу салынган заттардын аз өлчөмү табылганы белгиленди.

Президент Садыр Жапаров биринчи жолу кылмыш жасаган адамдарды, эгерде негиздер болсо жана мыйзамда белгиленген тартиптер сакталса, айрым учурларда ырайым кылуу мүмкүнчүлүгүн кароого даяр экенин баса белгиледи. Мамлекет башчысы бул үчүн туугандары расмий өтүнүч менен кайрылышы керектигин, ал белгиленген тартипте караларын айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Мамлекет башчысы жаштар арасында алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү, ошондой эле баңгизаттардын жайылуу коркунучуна каршы күрөшүү жаатында мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров Президенттин Администрациясынын тиешелүү башкармалыктарына баңгизаттарга каршы күрөшүү жаатындагы колдонуудагы мыйзамдарды талдап чыгууну тапшырды.

11