7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Черный ломбарддын» жана мыйзамсыз сүткорлуктун ишине бөгөт коюлду

262

2026-жылы 12-февралда күрөө мүлкүн тартып алуу жана тиешелүү уруксаттарсыз каржылык ишмердүүлүктү жүргүзүү максатында негизсиз жогорку пайыздык чендер менен насыя берген жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кармалган А.А.Т. оор материалдык абалда турган жарандарга мыйзамсыз түрдө карыз берип, анын негизинде кыймылсыз мүлк объектилерин күрөөгө алуу аркылуу, ири көлөмдө пайда таап келген.

Тинтүү учурунда онго жакын мүлккө тиешелүү документтер, ошондой эле мыйзам талаптарын бузуу менен сакталган “Байкал” жылмакай стволдуу куралы жана ок-дарылары алынды.

Кармалган тергөө абагына жеткирилди.

Учурда тергөө иш-чаралары жүргүүдө.

263