7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Сууда УКТ мүчөсүнүн 4 гектар гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

369

Кара-Суу районунда жайгашкан жалпы аянты 4 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жер К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсүнө таандык болгон.

“Иликтөөнүн жүрүшүндө жер тилкелери Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузуу менен катталгандыгы аныкталды. Кеп болуп жаткан жер «Айыл чарба жерлери» катары классификацияланган, бирок чындыгында башка максаттарда колдонулган, бул «Кыргызгипрозем» мамлекеттик ишканасынын расмий маалыматтары менен тастыкталган.
Тергөө жана оперативдик иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча жогоруда аталган жер тилкеси мамлекетке акысыз кайтарылды”, — деп берилет маалыматта.

370