7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Россиянын эстрада жылдыздары катышкан концерт өтөт

12

22-февралда Ала-Тоо аянтында Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата майрамдык концерт өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой, майрамдык концерт саат 17:00дө кыргыз жана орус эстрада жылдыздарынын катышуусунда болот.
Концерттик программада: Филипп Киркоров, Zivert, Tasso, Мирбек Атабеков, Николай Басков, Слава, Стас Михайлов, Жылдыз Осмоналиева, Омар, Гүлзада Рыскулова, Игорь Воронцов жана Аксай катышат.

Концертке кирүү акысыз.

Иш-чаранын алкагында 10 даана CHANGAN үлгүсүндөгү автоунаа, 10 даана iPhone 17 Pro смартфону жана 10 даана iPad планшети ойнотулат. Лотереяга каттоо иш-чаранын жүрүшүндө жүргүзүлөт.

Толук маалымат алуу үчүн афишадагы шилтемеге өтүңүз:
https://afisha22fev.tilda.ws

13