Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Президент Садыр Жапаровдун кайрылуусунун негизинде Конституциянын айрым беренелери боюнча расмий түшүндүрмө берди.
Маселе 2021-жылдагы жаңы Конституция күчүнө киргенден кийин Президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү кантип эсептелиши керек деген суроого байланыштуу болду. Сот төмөнкү негизги жыйынтыктарга келди:
Конституция туруктуулукту жана укуктук аныктуулукту камсыз кылууга тийиш. Конституция өзгөргөндө бийликтин мыйзамдуу улануусу сакталууга тийиш. Президент 2021-жылдын 28-январында 2010-жылдагы Конституциянын негизинде 6 жылдык мөөнөткө шайланган. 2021-жылдагы жаңы Конституцияда Президент 5 жылга, эки мөөнөттөн ашык эмес шайланат деп көрсөтүлгөн. Жаңы Конституция буга чейин башталган жана юридикалык жактан калыптанган президенттик мөөнөттү кыскарта албайт.
Ошондуктан учурдагы Президенттин 6 жылдык мөөнөтү толук аякташы керек. Бул 6 жыл жаңы Конституция боюнча «биринчи мөөнөт» катары эсептелет. Досрочный (мөөнөтүнөн мурда) шайлоо Конституцияда так көрсөтүлгөн негиздер болгондо гана өткөрүлөт (отставка, кызматтан четтетүү, оорукчандык же каза болуу). Мындай негиздер жок болгондуктан мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлбөйт. Кийинки кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 24-январында өтөт, ал эми аны Жогорку Кеңеш 2026-жылдын 24-сентябрынан кечиктирбей дайындоого тийиш. Жыйынтыктап айтканда, Конституциялык сот учурдагы Президенттин ыйгарым укуктары 6 жылдык мөөнөт толук бүткөнгө чейин сакталат деп чечмеледи жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө негиз жок экенин белгиледи.



