Бүгүн, 18-февралда өлкө аймактарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынын маалыматында айтылат.
Абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +3… +8, күндүз +16… +21;
- Талас жергесинде түнкүсүн +2… +7, күндүз +13… +18;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3… +8, күндүз +16… +21;
- Нарын аймагында түнкүсүн -4… -9, күндүз +2.. +7;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4… +1, күндүз +7… +12;
- Бишкек шаарында түнкүсүн +6… +8, күндүз +19… +21 градус.



