7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алданбаңыз! Интернетте Президенттин атын жамынган фейк видеолор тууралуу ИИМ эскертти

277

Интернетте президенттин атынан жасалма (фейк) видеолор таралууда. Бул тууралуу ИИМден билдирди.

Заманбап технологиялардын жардамы менен алдамчылар белгилүү адамдардын, анын ичинде президенттин атынан жасалма видео кайрылууларды таратышы мүмкүн. Мындай видеоматериалдар жасалма интеллекттин (deepfake) жардамы менен даярдалат. Алардын негизги максаты — жарандарды адаштыруу, ишенимине кирүү жана акча каражаттарын которууга же жеке маалыматтарын берүүгө түртүү.

Эсиңизде болсун:

  • белгисиз жана ишенимсиз булактардагы видеолорго ишенбеңиз;
  • маалыматты мамлекеттик органдардын расмий булактарынан гана текшериңиз;
  • шектүү шилтемелерге өтпөңүз;
  • интернеттеги видео кайрылууларга таянып акча которбоңуз жана жеке маалыматтарыңызды бербеңиз.

ИИМ алдамчылар жарандардын ишенимин пайдаланарын эскертет.

278