7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Суусамырда кар көчкү алдында калган чабандын сөөгү табылды

258

Бүгүн, 18-февралда кар көчкү басып калган 59 жаштагы Д.А. атту адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, издөө ишин улантуу максатында ӨКМден жалпы 27 куткаруучу, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинен 3 адис эки атайын шаймандары менен жана жергиликтүү тургундардан 40 адам, жалпы 70 адам тартылган.

Эске кетсек, 12-февралда Чүй облусунун Суусамыр айыл аймагындагы Кызыл-Ой айылынын Бороондуу жайлоосунда 1967-жылы туулган Д.А. аттуу эркек кишини 50 баш кой, 1 аты менен кар көчкү басып калган.

Ошол убактан тарта издөө иштери тынымсыз улантылып келген.

259