Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-февралда, Борбордук Азия өлкөлөрү менен байланыш боюнча делегациянын төрайымы Джузеппина Принчи баштаган Европа парламентинин депутаттарын кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууга Европа парламентинин депутаттары: Джузеппина Принчи (Италия), Свен Симон (Германия), Тьерри Мариани (Франция), Антонин Станек (Чехия), Кристиан Вигенин (Болгария), Томаш Фрёлих (Германия), Кьяра Джемма (Италия), Юсси Сарамо (Финляндия) катышты.
“Биз парламенттер аралык өз ара мамилелерге өзгөчө маани беребиз, аны ички өнүгүү, тышкы саясат жана регионалдык күн тартиби боюнча ой-пикирлерди түздөн-түз жана ачык алмашуунун натыйжалуу каналы катары карайбыз”, — деди Президент.
Джузеппина Принчи өз кезегинде Садыр Жапаровго меймандостугу жана актуалдуу маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Европа Биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелер ырааттуу өнүгүп жатканын айтты.



