7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент “Ала-Арча” жаратылыш паркындагы асма жолдун ачылышына катышты

8

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-февралда “Ала-Арча” жаратылыш паркында гондоль тибиндеги асма жолду ачты.

Алгач мамлекет башчысына асма жолдун иштөө тартиби тааныштырылды.

Андан соң иш-чаранын катышуучуларынын алдында сөз сүйлөгөн президент Садыр Жапаров акыркы жылдары мамлекет тарабынан “Ала-Арча” жаратылыш паркынын инфраструктурасы толугу менен жаңыланып, туристтер үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

Ал өлкөдөгү алгачкы асма жол инфратүзүмдү жакшыртууга багытталган дагы бир долбоор экенине токтолду.

Узундугу 1 чакырымды түзгөн, саатына миңге жакын адамды тоонун чокусуна жеткире ала турган бул асма жол паркка келген жарандар жана чет өлкөлүк меймандар үчүн жаңы шарт, жаңы мүмкүнчүлүк.

Президент аталган асма жол дүйнөгө белгилүү австриялык “Doppelmayr” компаниясы тарабынан курулганын айтты. Учурда аталган компания Ысык-Көл облусунда курулуп жаткан “Ала-Тоо резорт” ири тоо-лыжа комплексинде да асма жолдорду салып жатышат. Ал бул долбоорлор Кыргызстанда тоо туризмин системалуу, сапаттуу жана заман талабына ылайык өнүктүрүү жүрүп жаткандыгынын айкын далили экенин белгиледи.

“Биз бул асма жолду узартуунун экинчи этабы аркылуу жаратылыш паркын комплекстүү өнүктүрүүнү улантабыз. Экинчи этап көзөмөл-өткөрмө пунктунан башталып, жалпысы 12 чакырым аралыкты камтып, улуттук парктын эң кооз жана жетүүгө кыйын болгон аймактарына чейин барат”, — деди мамлекет башчысы.

Ал бүгүнкү күндө “Ала-Арча” жаратылыш паркында бир топ алгылыктуу иштер жүрүп жатканын айтты. Асма жол менен катар, бул жерде бардык шарттары каралган заманбап коттедждер курулуп, пайдаланууга берилүүдө.

9