7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров күч түзүмдөрүнө: Ишкерлерди дайыны жок эле кысымга ала бербегиле! Четин угуп калсам…

243

Өлкө башчы Садыр Жапаров мамлекет ички жана тышкы инвесторлорго ар дайым ачык экенин айтты. Мындай пикирин ал бүгүн, 18-февралда “Ала-Арча” жаратылыш паркында гондоль тибиндеги асма жолду ачуу аземинде билдирди.

Түрдүү тармактарды өнүктүрүүгө инвестиция салам деп келген ишкерлерге мамлекет тарабынан болушунча шарттар түзүлүүдө, мындан ары да инвесторлордун ишмердигине ыңгайлуу жагдайларды түзүү улантылат. Алардын ишине ыксыз текшерүүлөргө мораторий дагы киргизилди.

Президент учурдан пайдаланып күч түзүмдөрүнө кайрылды.

“Мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан ишкерлерди дайны жок эле кысымга албагыла, кокус кандайдыр бир кысым-басымдын четин угуп калсам, капа болбогула”, — деди ал.

Ал ошол эле учурда мамлекет ишеним артып, тиешелүү шарттарды түзүп берип жатканда ишкерлер дагы кыянаттык кылып, салыктарын жаап-жашырбай, ак иштейт деп ишеним артты.

Андан соң президент “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагында курулган мейманканалык инфратүзүмдүн объектилери менен таанышты.

244